Банктар аралык соодада валютага суроо-талап 82,63%га кыскарды

13 декабря 2022, 09:20

Кечээ, 12-декабрда коммерциялык банктар банктар аралык валюта аукциондорунда 1 миллион 450 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Өткөн жума, 9-декабрга салыштырмалуу валютага суроо-талап 82,63%га кыскарды.

Кошумчалай кетсек, америка валютасынын аукциондогу баасы 6-декабрдан бери 84,95 сом болууда.