Банктар аралык соодада валютага суроо-талап 38,3% кыскарды

22 февраля 2023, 09:04

Кечээ, 21-февралда банктар аралык аукциондо коммерциялык банктар 3 миллион 700 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди. 

Анын ичинен 1,6 млн доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен, дагы 2,6 млн доллары бүтүмдүн датасынан башка эсептешүүлөр менен сатылып алынган.

Кошумчалай кетсек, акыркы 5 күндөгү аукциондо доллардын баасы 87,42 сом деңгээлинде сакталууда.