Банктар аралык соодада валютага суроо-талап 72,7% төмөндөдү

6 декабря 2022, 09:04

Кечээ, 5-декабрда коммерциялык банктар банктар аралык аукциондо 1,5 миллион доллар сатып алышты. Бул тууралуу көзөмөлдөөчү орган билдирди.

Бейшемби, 1-декабрдагы соодага салыштырмалуу аукциондо валютага суроо-талап 72,7%га түшкөн. Ага ылайык, суроо-талап 5,5 миллион доллардан 5,5 миллион долларга чейин төмөндөгөн. 

Кошумчалай кетсек, америкалык валютанын наркы мурдагыдай эле 84,45 сом деңгээлинде калды.