Банктар аралык соодада валютага суроо-талап 26,5%га өстү

26 октября 2022, 08:46

Кечээ, 25-октябрда комбанктар банктар аралык валюта аукциондорунда 11 миллион 350 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы билдирди.

Коммерциялык банктар 8 миллион 970 миң доллар сатып алган 24-октябрга салыштырмалуу валютага суроо-талап 26,53%га өскөн.

Америка валютасынын курсу да сооданын жабылышына карата 0,05 сомду түзүп, 24-октябрдагы ачылыш курсунун деңгээлинде - 82,7 сомду түздү.