Банктар аралык соодада долларга суроо-талап 74,5%га төмөндөдү

16 ноября 2022, 09:16

Кечээ, 15-ноябрда комбанктар банктар аралык валюта аукциондорунда 1,3 миллион доллар сатып алышты. Бул мурунку күнгө салыштырмалуу 74,5%га аз. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Анын ичинен 700 миң доллар бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен алынса, дагы 600 миң доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү башка эсептешүүлөр менен сатылып алынды. 

Соодалардын ачылышы жана жабылышында бир доллардын наркы 84,4 сом деңгээлинде болду.