Коммерциялык банктар бүгүн ишин жандантат

8 октября 2020, 08:58

Өлкөдөгү болуп жаткан кырдаалдан соң коммерциялык банктар бүгүн ишин жандандырат. Бул тууралуу «Акчабарга» жеке булактар тарабынан маалым болду. 

Улуттук банк бул маалыматты чын экенин тастыктады. Башкы регулятордун сунушуна ылайык, банктардын иш убактысы саат 09:00-15:00 чейин уланат. 

«Азырынча чет жерге акча каражатын которуу мүмкүн эмес. Өлкөдөн капиталдын чыгып кетпөөсү үчүн, ушундай чечимдер кабыл алынган», — деп түшүндүрдү жеке булак. 

Эске сала кетсек, буга чейин бизнес-коомчулук, коммерциялык банктардын иштөөсү тууралуу ыкчам билдирүү тараткан.

Белгилей кетсек, кечээ айрым банктардын бөлүмдөр иштерин алып барды. Түштөн кийин «Бай-Түшүм» банкынын сберкассасы жана Бишкектеги, Оштогу жана Жалал-Абаддагы башкы офистери иштерин жанданткан. Андан сырткары, «Бакай Банктын»  айрым сберкассалары иштеди.