ЕАЭБ ичинен Армения бүткөрүлгөн курулуш иштеринин көлөмү боюнча лидер

27 мая 2022, 17:09

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Армения бүткөрүлгөн курулуш иштеринин көлөмү боюнча лидер болуп саналат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык биримдиктин негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча документте айтылат.

Көрсөткүчтөр 2022-жылдын январь-март айлары үчүн өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алынган.

Алсак, ушул жылдын биринчи кварталында өткөн жылга салыштырмалуу Арменияда аткарылган курулуш иштеринин көлөмүнүн өсүшү 33,2%ды түзсө, андан кийин Кыргызстанда 18,5%, Казакстанда 8,6% жана Россияда 4,5% түздү.

Бир гана Беларусь минуста —  7,1%.

Белгилеп кетсек, 2021-жылдын ушул эле чейрегинде 2020-жылдын ушул мезгилинен айырмаланып, Кыргызстан 15% менен биринчи болгон. Андан кийин Армения экинчи линияны (14%) ээлеген.