ЕАЭБде Кыргызстан гана былтыр кен иштетүүдөн көбүрөөк салык алган

13 марта 2024, 09:00

2023-жылы Кыргызстан ЕАЭБде эң көп салыктык кирешелерди көбөйткөн. Муну Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматы тастыктайт. 

2023-жылы 2022-жылга салыштырмалуу Арменияда 15,5%, Казакстанда 27,4% жана Кыргызстанда 28,6%га консолидацияланган бюджеттин салыктык түшүүлөрү көбөйгөн. Россияда бюджеттин жалпы кирешесинин өсүшү 11,3%ды түзгөн.

Белгилеп кетсек, 2023-жылы жаратылыш ресурстарын пайдалануу (казып алуу) үчүн салыктарды жана төлөмдөрдү 16%га көбөйтүүнү Кыргызстан гана камсыздай алган. Арменияда, Казакстанда жана Орусияда бул көрсөткүч тиешелүүлүгүнө жараша 44%, 16% жана 12%га төмөндөгөн.

Бирок, Кыргызстандын бюджетинин салыктык кирешелеринин негизги үлүшүн КНС (32%) түзөт.