Туризм тармагында иштеген кызматкерлердин орточо эмгек акысы 10,7 миң сомду түзөт
Туризм тармагындагы бир кызматкердин орточо айлык маянасы 2021-жылы 10 миң 731 сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 4,5%га өскөн. Маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Туризм тармагындагы ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин орточо саны 2021-жылы 7,2 миң адамды түздү. Жумушчулардын эң көп саны (23,6%) санаторийлерде жана курорттордо иштеген.
Кыска мөөнөттүү жайгаштыруу үчүн мейманканалар жана башка жайлар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү 1,4 млрд сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 50%га азайган.