Кыргызстанда бир жылда орточо айлык акы 740 сомго көбөйдү

4 мая 2021, 13:30

Кыргызстанда 2021-жылдын февраль айында орточо айлык акы 212 долларды, же 17 миң 915 сомду түздү. Бул тууралуу ЕЭКтин отчетунда айтылат.

Ошол эле учурда, бир жыл мурун, айлык акы 246 долларды, же 17 миң 175 сомду түзгөн. Башкача айтканда, бир жыл ичинде эмгек акы улуттук валютада жогорулады (740 сомго), ал эми чет элдик валютада төмөндөдү (34 долларга). Бул тенденция АКШ долларынын сомго карата кымбатташы менен байланыштуу.

Белгилей кетсек, бир жыл ичинде чет элдик валютадагы эмгек акынын төмөндөшү Орусияда, Беларуссияда жана Арменияда дагы байкалууда.