2020-жылы улуттук валютадагы ипотекалык пайыздык чен 0.4% төмөндөдү

3 февраля 2021, 11:45

Өткөн жылдын аягында улуттук валютадагы ипотеканын орточо чени 12.8% түздү. 2020-жылдын январь айына салыштырмалуу пайыздык чен 13.2 пайыздан 0.4 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

 

2015-жылдын декабрь айына салыштырмалуу ипотекага болгон орточо чен 7% төмөндөгөн. Отчеттук мезгил убагында коммерциялык банктардын улуттук валютадагы ипотекалык портфелдин көлөмү 14.9 млрд сомду түздү. 

Чет элдик валютанын чендери 0.2% төмөндөдү. Ипотекалык карыздардын суммасы 2.3 млрд сомду түздү.