Кыргызстанда пенсия орточо эсеп менен алты миң сомду түзөт

16 ноября 2020, 16:45

Пенсияларды кайра эсептөөнүн натыйжасында, жогорулоо орто эсеп менен 397 сомду түздү, ал эми пенсиянын орточо көлөмү 6 миң 61 сомду түздү, деп маалымдайт Социалдык фонд.

Департаменттин маалыматы боюнча, 689 миң жарандын пенсиясын кайра эсептөө 827,8 млн сомду түздү. Анын ичинде пенсиянын базалык бөлүгү республикалык бюджеттин эсебинен 75,2 млн сом суммасында, ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү үчүн Пенсиялык фонддун эсебинен 752,6 млн сомду түздү.

 

Пенсиялардын кийинки көбөйүшү 2021-жылдын октябрь айынан баштап пландаштырылганы белгилүү болду.