Дарыгерлердин орточо айлыгы 19,2 миң сомду түздү

29 декабря 2022, 12:56

Дарыгерлердин айлыгы жогорулагандан кийин орточо сумма 19 миң 294 сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы медицина кызматкерлеринин маянасы жогорулаганга чейин дарыгерлердин орточо айлыгы 14 миң 292 сом болчу. Бүгүнкү күнгө карата орто медицина кызматкерлеринин айлык акысы 16 миң 815 сомду (көбөйгөнгө чейин 11 миң 474 сом) түзөт.

“Кенже медициналык кызматкерлердин айлыгы 8 миң 668 сомдон жогорулагандан кийин 11 миң 801 сомго чейин өстү. Орто эсеп менен 9 миң 329 сом алган башка кызматкерлер маяна жогорулатылгандан кийин 12 миң 265 сом ала башташты”, - деди Муканов.