Россиялыктардын айлык акысы Кыргызстандан 70% көп
Россиянын Росстат уюму 2019-жылдын январь-июнь айындагы орточо айлык акыны жарыялашты. Анда 49.8 миң рубль же ( Улуттук банктын курсу менен санасак 54.8 миң сом) болуп, Кыргызстандыктардын айлык акысынан 70% жогору. Учурда Кыргызстанда орточо айлык акынын суммасы 16.6 миң сом.
Россиянын 775 миң жараны айына 11.2 миң руль айлык алат. Негизги категория 33.9 миңден 40 миң рубль айлык алгандардын жалпы саны — 2.6 млн.
0.1% жалпы жумушчулардын ичинен 1 млн рубль табышат. Жогорку айлык алгандар транспорт чөйрөсүндөгүлөр — орточо айлык акылары 169 миң рубль. Ал эми нефтичилер экинчи орунда — 153 миң рубль алышат.
Кыргызстанда эң жогорку айлык тоо-кен тармагында иштегендерде (39.2миң сом), финансы тармагында (35.8 миң) жана энергетиктер (30.6 миң сом алышат).
Айтмакчы, эки өлкөнүн статистика комитети расмий эмес иштеген адамдардын айлык акыларын эске алышкан эмес .