Кыргызстанда салык амнистиясынын мөөнөтү аяктап жатат

10 декабря 2021, 14:52

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда эсептелген туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн колдонууга үч жумадан аз убакыт калганын эскертет.

Мындай жеңилдик “Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” мыйзамда каралган. Ага ылайык, 2021-жылдын 31-декабрына чейин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн карыздын негизги суммасын төлөгөн төлөөчүлөр жана жарандар үчүн туумдар, санкциялар жана айыптар 50 пайызга эсептен чыгарылат.

“Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды реструктуризациялоо үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу зарыл”,- деп түшүндүрдү салык кызматы.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган мыйзам күчүнө киргенден тартып 10 миң 343 салык төлөөчүнүн 631,4 млн сом суммасындагы туум, айып жана салык санкциялары эсептен чыгарылган. Алар тарабынан салык 450,7 млн сом жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 310,1 млн сом суммасында карыздын негизги суммасы төлөнгөн.