Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат

18 октября 2019, 16:20

«Реконструкциялоонун үч фазасынын жыйынтыкталышы Токтогул ГЭСинин кубаттуулугун 240 МВаттка чейин көбөйтөт. Бул долбоор — Камбар-Ата-2 ГЭСине тете дагы бир жаңы ГЭСти куруу менен барабар десек болот», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышы менен таанышууда.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Токтогул ГЭСи 1975-жылы ишке киргизилгенден тартып, реконструкциялоо жүргүзүлгөн эмес. Ушул себептен ГЭСтин жабдуулары моралдык жактан эскирип, толугу менен алмаштырууну талап кылган.

Мурдагыга караганда коопсуздуктун дүйнөлүк стандарттарына жооп берген, заманбап материалдардан жасалган жаңы жабдуулар орнотулду. Так ушул жабдуулар биринчи кезекте алмаштырууга муктаж болгонун кошумчалады.  

Ал акыркы жылдарда тез-тез иштен чыгып, станциянын ишенимдүү иштөөсүн коркунучка кабылткан себептер жоюларын жана реконструкциялоодон соң Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 МВаттка өсөрүн эске салды.