АКШ Кытай товарларына 25% салык салат

6 мая 2019, 10:22

Вашингтон 10-майдан тарта  10% дан 25% чейин  кытай товарларына салыкты көбөйтөт. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп билдирген.  

Кытайдын товарлары $325 млрд чейин эч кандай салык салынбай келген. Эми аларга 25% салык салынат.

« Он ай аралыгында Кытайдан Америкага  жогорку технологиядагы продукциялар  $50 млрд  чейин келген болсо, эми аларга  25%  салык жана башка продукцияларга 10% — салынат. Эми  10% дан  25% чейин ушул жумага чейин жогорулайт», — деп билдирген ал Twitter баракчасынада.

мындан тышкары, Трамп  кытай товарлары  $325 млрд  чейин салык салынбай келген, эми аларга 25% салык салынат деп билдирди. 

«Кытай  менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок, өтө жай », —  деп билдирди ал.

2018-жылы декабрдын башында  Трамп менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы  Си Цзиньпин Аргентинада жолугушуканда үч ай аралыгында соода сатык келишимине келишкен. Анда  АКШ лидери 2019-жылдын 1-январынан тарта тарифтерди $200 млрд чейинки кытай товарларына салык салбоо  чечими чыгарылган. Учурда бул жеңилдетилген мөөнөт 1-мартта аяктаган. Бирок, АКШ президенти сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда бааны көтөрбөө  тууралуу билдирип келген.