АКШ 150 ооган студентине Бишкектеги БААУда окууга демөөрчүлүк кылат

19 августа 2021, 09:16

Президент Садыр Жапаров Ооганстандын элине зарыл болгон гуманитардык жардам көрсөтүүнү тапшырды. Буга байланыштуу Ооганстандан келген 500 студентке республиканын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн виза берилмей болду.

Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен АКШнын КРдагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцер менен АКШнын Кыргызстандагы миссиясынын башчысынын орун басары Соната Колтердин жолугушуусунда талкууланды.

Америка тарап кыргыз тараптын Ооганстандын жарандарына студенттик виза берүү чечимин оң баалады жана АКШ ушул этапта Борбордук Азиядагы Америка университетинде 150гө чейин ооган студенттерин каржылоого даярдыгын билдирди.