Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун колдоого АКШ 1,5 млн доллар бөлдү

19 октября 2022, 10:00

АКШ Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун колдоо үчүн 1,5 млн доллар бөлдү. Бул тууралуу USAID билдирди.

Уюмдун маалыматына караганда, бөлүнгөн каржылоо Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы азык-түлүк сактоо жайларын жана логистикалык базаларды куруу аркылуу маанилүү айыл чарба продукцияларын сактоону жакшыртууга багытталат. Натыйжада, жаңы жумуш орундары түзлүп, жашылча-жемиштерди сатуу үчүн жаңы рыноктор ачылары күтүлүүдө.

Андан тышкары, бөлүнгөн жардам беш жашка чейинки балдардын жана жаш энелердин тамактануусун жакшыртуу үчүн багытталат.