Сүт фермаларын өнүктүрүү үчүн ишкерлерге 1,16 млн доллар берилген

29 мая 2023, 15:54

“Сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун алкагында 774 фермер 1 млн. 160 миң долларга каржыланды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында Дүйнөлүк банк жана Каржы министрлигинин өкүлдөрү Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарына барып, каражат алган сүт өндүрүүчүлөр менен жолугушту. 

"Анда фермерлер өздөрүнүн жетишкендиктери, жүгүртүү фондунун эсебинен сатылып алынган уйларды көрсөтүшүп, тренингдердин жыйынтыгында алган билимдери жана көндүмдөрү тууралуу өз таасирлери менен бөлүшүштү", - деп айтылат маалыматта. 

Учурда каржылоонун экинчи агымын түзүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.