Кыргызстан электр энергиясын импорттоого канча каражат короткону белгилүү болду

4 января 2022, 10:05

2021-жылы Токтогул ГЭСиндеги суунун деңгээли ылдый болгондуктан Кыргызстан оор энергетикалык кризиске туш болгон.  Суу сактагычтагы критикалык деңгээлге жол бербөө үчүн өлкө Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан электр энергиясын алууну макулдашылган.

 Электр энергиясын сатып алуу үчүн "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна бюджеттен ссуда берилген.

"Жалпысынан импорттолгон электр энергиясын төлөө жана Бишкек жана Ош шаарларынын ТЭЦине отун ресурстарын сатып 2 миллиард 950 миллион сом бөлүндү", - деп айтылат 2021-жылга бекитилген республикалык бюджетте.