4 эң мыкты стартап-долбоорго мамлекет 500 миң сомдон каражат бөлөт

2 июля 2020, 10:15

Эң мыкты стартап-долбоорлор мамлекеттен 500 миң сом өлчөмүндө колдоого ээ болушат. Бул тууралуу 1-июлда «Кыргызпатент Инновация» менен «Акчабардын» биргелешкен түз эфиринде маалым болду. 

Эске сала кетсек, «Стартап Кыргызстан» аталышындагы сынактын жыйынтыгында 15 долбоор тандалып алынган. 1-июль күнү финалисттер калыстарга долбоорлорун жакташты, ийгиликтүү болорун ишендиришти. 

Калыстар тобунун чыгарган чечимине ылайык, 4 стартап эң мыкты аталды: Azyk store, Genesis Bionics, Quick Expert жана «Жумгалда кургатылган эт», Genesis Bionics жана «Айк». Сынаткын шартына ылайык, жеңүүчүлөргө мамлекет 500 миң сомдон акча бөлөт.