ЕАЭБ статистикасы улуттук валютада түзүлөт

28 декабря 2022, 09:01

ЕАЭБ статистикасы улуттук валютада түзүлө турганын Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.

27-декабрда ЕЭК Коллегиясы Биримдиктин расмий статистикалык маалыматын түзүү методологиясына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизди.

“Эми ЕАЭБ статистикасын түзүүдө бирдиктүү эсеп бирдиги катары АКШ долларын гана эмес, мүчө-мамлекеттердин улуттук валюталарын да колдонуу мүмкүн болот”, - деп белгиледи ЕЭК.

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев баса белгилегендей, комиссия ушул жылдын статистикасын мүчө мамлекеттердин каалаган улуттук валютасында бере алат.