Статком эл жана турак жай фондун каттоого тартылган координаторлорду окутууну баштады

22 февраля 2022, 10:30

Өлкөдө 25-марттан 3-апрелге чейин өтө турган каттоону өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында Улуттук статистика комитети​ каттоо иштерине тартылган координаторлорду окутууга киришти. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтында жазылды. 

Маалым болгондой, статком адистеринин катышуусунда республиканын бардык аймактарында өтө турган үч күндүк семинардын жүрүшүндө мобилдик тиркемеде камтылган электрондук суроо жыйнактарынын нускамаларын жана мазмунун, ошондой эле аларды толтуруу тартибин деталдуу түрдө карап чыгуу пландаштырылууда.