Коомдук тамактануучу жайларга дифференцияланган салык белгиленет

16 ноября 2022, 11:57

Кыргызстандын чоң шаарлары менен аймактардагы коомдук тамактануучу жайлар үчүн салыктын ставкасында айырма бар. Бул тууралуу JIA жаш ишкерлер бизнес-ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Жодар Омошев билдирди.

“Алдыдагы өзгөртүүлөргө ылайык, Бишкек жана Ош шаарларындагы коомдук тамактануу ишканалары 5%, ал эми облустун ишкерлери 3% пайда салыгын төлөшү керек”, - деди ал.

Кошумчалай кетсек, жаңы Салык кодексине ылайык, коомдук тамактануу тармагындагы бирдиктүү салыктын ставкасы 8%ды түзөт. Коомдук тамактануу ишканаларынын өкүлдөрүнүн айтымында, жаңы салык режими алардын тармагы үчүн соңку сокку болушу мүмкүн. Буга байланыштуу Экономика министрлиги мыйзам долбоорун иштеп чыгып, анда башка нерселер менен катар коомдук тамактануу тармагына салык жүгүн азайтуу каралган.