2019-жылы Финансы министрлиги стимулдук грантка 409 млн сом бөлгөн

15 января 2020, 10:30

2019-жылы Финансы министрлги жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын 244 долбоорун каржылаган. Стимулдук гранттын жалпы суммасы 409.6 млн сомду түзгөн. Жалпысынан 230 долбоор ишке ашырылган, деп билдиришти ведомстводон. 

Анын ичинен:

Жалал-Абад облусуна  96.8 млн сомго 58 долбоор; 

Чүй облусуна 65.2 млн сомго 43 долбоор; 

Ысык-Көл облусуна 65.2 млн сомго 40 долбоор; 

Ош облусуна  60.2 млн сомго 30 долбоор; 

Нарын облусуна 44.6 млн сомго 24 долбоор; 

Баткен облусуна 42.6 млн сомго 24 долбоор; 

Талас облусуна 34.7 млн сомго 18 долбоор ишке ашырылган. 

Анын ичинен 79 мектепке, 47 инфраструктуралык объектилерге жана 39 бала-бакчага 275 млн сомго каржылоо жүргүзүлгөн.