Коронавируска ПЧР тест тапшыруунун акысы 2 миң сомду түзөт

20 апреля 2020, 12:22

Жакында Кыргызстанда коронавируска ПЧР тест тапшырууга болот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

 

«Бүгүн-эртең жеке лабораториялардын бири анализдерди ала баштайт. Ал – Бонецкий лабораториялар тармагы. Ал карантиндик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар республикалык борборунда мамлекеттик лаборатория менен биргелешкен лабораторияны түздү. Жакынкы күндөрдөн тарта ал жакка кайрылып, ПЧР тесттен өтүүгө болот. Бул тууралуу кошумча айтылат. Анализ тапшыруунун орточо баасы 2 миң сомду түзөт», - деди ал.