Кыргызстанда кой эти арзандаса, уй менен жылкынын эти кымбаттады

28 ноября 2022, 16:00

Кыргызстанда 1-ноябрдан 25-ноябрга чейин кой эти арзандаса, уй жана жылкы этинин баасы бир аз кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Маалыматка ылайык, кой эти 0,4%га, 531,17 сомдон 528,80 сомго чейин арзандаган. Ал эми уй этинин өздүк наркы 0,03%га, жылкынын эти 0,1%га кымбаттаган. 

Белгилей кетсек, кой этинин арзандашы Талас облусундагы Покровка айылында 10 сомго, Бишкек шаарында 4,56 сомго жана Ош шаарында 3,79 сомго арзандаганына байланыштуу.