Биткоиндин баасы 50 миң доллардан ашты

23 августа 2021, 11:30

Биткоин май айынан бери биринчи жолу 50 миң долларлык чекти басып өттү. Апрель айындагы 64 миң доллар менен рекорд коюп, кийин 30 миң доллардан төмөн түшүп кеткен, бирок июль айынын ортосунан тарта криптовалюта тездик менен өсө баштады.

Криптовалютанын баасы май айынан бери биринчи жолу 50 миң долларга жетти.

 

"Биз бул маанилүү этапты биринчи жолу басып өткөн жокпуз, бирок бул тармактын акыркы жетишкендиктерин эске алганда, учурда 50 миң доллар баалуу көрүнөт ", - деди Quantum Economicsтин башкы директору Мати Гринспен.

Эксперттердин пикири боюнча, санариптик валютанын наркынын төмөндөшүнүн негизги себептеринин бири, Кытайдан крипто тармагына кайрадан кысым болгон.