Биткоиндин баасы 6%га арзандады

27 февраля 2023, 14:46

Бүгүн, 27-февралда негизги криптовалюта 23,4 миң долларга соодаланууда. Маалыматтар Tradingview аналитикалык порталында берилген.

Бир жума мурун биткоиндин баасы 24,8 миң долларга жеткен. Ошентип, биткоин өз баасын 6% же 1,4 миң долларга жоготкон.

Эфириум 1 миң 630 долларга сатылып жатат, бул 1 миң 710 долларды түзгөн ушул жылдын 20-февралына караганда 5% аз.