Евронун баасы 90.2 сомго жетти

29 июля 2020, 16:30

КР Улуттук Банкынын маалыматына ылайык, евронун расмий курсу 0.55 пайызга өсүп, бирдиги үчүн 90.2 сомду түзгөн.  Евронун курсу коммерциялык банктарда дагы өскөн -  валюта 95.5 сомдон 91 сомго чейин сатылууда.

Белгилей кетсек, доллардын курсу дагы 0.30 пайызга көтөрүлүп, 76.8 сомду түзгөн.Ал эми коммерциялык банктарда америкалык валюта 76.85 сомдон 77 сомго чейин сатылууда.

Ошондой эле, Москва биржасында дагы евро апрелден бери биринчи жолу 85 рубльдан ашып өткөн, ал эми доллар 72.4 рубльдан сатылууда. Россия Федерациясынын Борбордук банкынын маалыматына караганда, доллардын курсу 72.2, ал эми евронун курсу 84.9 рубльды түзөт.