Алтындын унцийин кайра сатып алуу наркы төмөндөдү

15 декабря 2022, 09:06

Бүгүн, 15-декабрда Улуттук банктан алтындын унцийин кайра сатып алуудагы баа 159 миң 277 сомду түздү.

Мындан бир күн мурда Улуттук банк ушундай эле көлөмдөгү баалуу металлды элден 160 миң 594 сомдон сатып алган. Кечетен бери алтын куймасынын наркы 1317 сомго төмөндөдү.  

Кошумчалай кетсек, бүгүн алтын куймасынын унцийин 166 миң 276 сомго сатып алууга болот.