Бишкекте ПЦР тесттин баасы 32% га арзандады

17 сентября 2021, 09:59

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнө турган кызматтардын тарифтеринин прейскурантын бекитти. Натыйжада ПЦР тесттеринин баасы 32%га төмөндөдү, деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Сапаттуу ПЦР анализи боюнча бир изилдөөнүн баасы 896 сом болду. Буга чейин анын баасы 1 миң 326 сом эле.