Бишкектин кээ бир райондоруна канализация орнотуу үчүн 11 млн сом жумшалат

5 ноября 2019, 10:45

Бишкек шаарында Тоголок Молдо, Манас, Васильев жана Саадаев көчөлөрүндө канализация иштери жүрүп жатат. Бул үчүн шаар мэриясынан 11 млн сом каражат бөлүнгөн. 

Алдын-ала пландалган 6 чакырым канализациянын 4 чакырымы ишке ашты. Боров, Можай, Багиж жана Карагай көчөлөрүндөгү, № 18 мектеп, № 41 бала-бакчадагы канализация  иштери аягына чейин чыгарылды. 

Бул райондорго канализация ишин «АзияСтройГрупп» компаниясы ишке ашырууда. 

Эске сала кетсек, шаар мэриясы өлкөнүн суу ресурстарын сактоодон жашыл саясатын жүргүзүп жатат, конуштарды борборлоштурулган тармакка кошуу, жер астындагы суулардын булгануусунун азайуусуна жардам берет.