АРИС Кыргызстанга 205 млн.доллар берет

18 октября 2019, 15:25

Өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенттиги (АРИС) Кыргызстанга 12 долбоорду ишке ашырат. Долбоордун жалпы суммасыф 205 млн. долларды түзөт. Бул тууралуу агенттиктин аткаруучу директору Бекжан Супаналиев парламентте билдирди. 

«Долбоор үч багытта ишке ашырылат: калктын суу-чарба кызматтарына болгон жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, тазалыкка 102 млн. доллар, айыл-чарба тармагын өнүктүрүүгө – 57 млн. доллар, элет тармагын өнүктүрүүгө – 46 млн. доллар жумшалат», - деп билдирди Бекжан Супаналиев.  

Депутатар АРИСтин ишмердүүлүгүн билүү үчүн, кызматты колдонуп жаткан элден баалоо критерийин иштеп чыгуу керек деген сунушун билдиришти.