Чөптүн баасы бир жуманын ичинде 13% га жогорулады
Кыргызстанда бир боо чөптүн баасы 14-июлга карата 341 сомду түздү. Бул тууралуу монополияга каршы агенттик билдирди.
Бир жума ичинде чөптүн баасы 12,9% га, же 45 сомго кымбаттап, бир ай мурункуга салыштырмалуу 43% га же 104 сомго кымбаттады.