«Камбар-Ата 1» ГЭСин куруунун баасы эки эсеге кымбаттады
"Камбар-Ата 1" ГЭСинин курулушунун баасы 3 доллардан 6 миллиард долларга чейин өстү, деп билдирди Жогорку Кеңештин экинчи сессиясынын биринчи жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.
"2014-жылы техникалык-экономикалык негиздеме боюнча "Камбар-Ата-1" ГЭСинин баасы 3 миллиард долларды түзсө, андан бери материалдардын баасы кыйла кымбаттады", - деди Жапаров.
Ал кошумчалагандай, учурда курулушка 5 миллиард доллардан 6 миллиард долларга чейин каражат керек, бирок мынчалык чоң сумманы топтоо үчүн бир катар мыйзам долбоорлоруна түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.