Улуттук банктын алтын унцийи эки күндө дээрлик 38 долларга арзандады

9 марта 2023, 09:15

Бүгүн, 9-мартта Улуттук банктын алтын куймаларын сатуунун баасы 164 миң 464 сомду түздү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Мындан эки күн мурда, 7-мартта да ушундай эле көлөмдөгү алтын элден 167 миң 327 сомдон сатылып алынган, бул бүгүнкүгө караганда 2 миң 863 сомго (37,75 доллар) кымбат.

Белгилеп кетсек, Улуттук банктын алтын куймасын 166 миң 931 сомдон сатып алууга болот.