Улуттук банктын алтын куймасы бир суткада 3,75 долларга арзандады

15 марта 2023, 09:08

Бүгүн, 15-мартта Улуттук банктын алтын куймаларын сатуунун баасы 172 миң 441 сомду түздү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Мындан бир күн мурда, 14-мартта Улуттук банк элден ушундай эле көлөмдөгү алтынды 172 769 сомдон сатып алган. Бул бүгүнкүгө караганда 328 сомго (3,75 доллар) кымбат.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын алтын куймасын 175 миң 27,5 сомдон сатып алууга болот.