Улуттук банктын алтын куймасынын баасы бир суткада 4,98 долларга арзандады

3 марта 2023, 09:13

Улуттук банк чыгарган алтындын өлчөнгөн куймаларын сатуу баасы бүгүн, 3-мартта 166 миң 202 сомду түздү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Бир күн мурда калктан өлчөнгөн алтын куймалар 166 638 сомго сатылып алынган. Бул бүгүнкүгө караганда 436 сомго (4,98 доллар) кымбат.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын алтын куймасын 168 миң 695 сомдон сатып алууга болот.