Сутка ичинде алтындын унцийи дээрлик 37 доллар кымбаттады

14 декабря 2022, 09:10

Бүгүн, 14-декабрда Улуттук банктан алтындын унцийин кайра сатып алуу 160 миң 594 сомду түздү.

Кечээ, 13-декабрда Улуттук банк ушундай эле көлөмдөгү баалуу металлды элден 157 миң 455 сомдон сатып алган. Ошентип, бир суткада баасы 3139 сомго ($36,95) же 1,99%га өстү.

Кошумчалай кетсек, бүгүн алтын куймасынын унцийин 166 миң 276 сомго сатып алууга болот.