Алтындын баасы бир аз көтөрүлдү

14 июня 2023, 09:12

Учурда 31,1035 граммдык өлчөнгөн куймалардын унций баасы 176 миң 869 сом деп белгиленди. 

Кечээ, 13-июнда анын баасы 176 миң 738 сомду түзгөн. Ошентип, өлчөнгөн алтын унцийин кайра сатып алуу баасы 0,07%га жогорулады.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкүгө карата алтын унцийин 179 миң 522 сомго сатып алууга болот.