Мэрия 13 көчөнү оңдоп-түзөөнү мерчемдөөдө

4 января 2021, 10:20

 

Биринчи Май акимиатынын жыйындар залында Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен "Бишкек шаарынын көчө жана жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча штаб болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын сайтында маалымдалды.

Жыйын турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча башчынын орун басары Мавлян Аскарбековдун төрагалыгы астында өткөрүлгөн.

Анын жүрүшүндө учурдагы иштер жана узундугу 14,3 км болгон 13 көчөнү реконструкциялоо пландары талкууланды.

Курулуш иштери Кокчетавская, Новая жана Ташкенская көчөлөрүндө башталганы белгиленди.