Мыйзамсыз берилген 28,3 млн сомдук жер тилкелери мэрияга кайтарылды

25 мая 2021, 10:25

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы 28,3 миллион сомдук жер тилкелерин мамлекетке кайтарып берди. Жер жеке менчикке мыйзамсыз берилген, деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын кызматкерлери жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен 2005-жылдын 16-мартында Арча-Бешик конушунда кызыл сызыктын чегинен тышкары жайгашкан беш жер тилкесин жарандардын менчигине мыйзамсыз беришкен. 

"Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында сотко юридикалык жана укуктук документтерди жараксыз деп табуу боюнча тийиштүү доо арыздар берилген, алар канааттандырылып, жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылган", - деп айтылат маалыматта.