Баткендеги үйлөр бюджеттин эсебинен калыбына келтирилүүдө- Жапаров

22 ноября 2022, 11:38

Камсыздандыруу компаниялары Баткен облусунда Тажикстандын куралдуу чабуулунан улам турак жайларга келтирилген зыяндын ордун толтурбайт. Бул тууралуу парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, мыйзамга ылайык, камсыздандыруу компаниялары согуш учурунда зыянга учураган мүлккө жооп бербейт.

“Мындай мыйзам Кыргызстанда эле эмес, бүт дүйнөдө бар. Ошондуктан, бюджеттик каражаттардын эсебинен тажиктердин кол салуусунда жабыркаган 420 үйдү калыбына келтирип жатабыз”, - деген пикирин айтты.