Камсыздандыруу компаниясы жети жашоочунун турак-жайы үчүн 1 млн. 63 миң сом жумшаган

4 октября 2019, 13:40

2019 – жылдын башында ААК «Мамлекеттик камсыздандыруу бөлүмү» 5.4 млн. сомго 81 камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзгөндүгүн билдирди. Жаратылыш кырсыгынан жабырлануучулар өз убагында турак-жайларын 612 сомго камсыздандыруудан өткөрүшкөн. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы билдирет. 
 

Маалыматка караганда, өрт кырсыгынан жабыр тарткан 26 жана катуу шамалдан жабыр тарткан 25 турак-жай катталган. Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарындагы жети жашоочуга камсыздандыруу үчүн 1 млн. 63 миң сом жумшалган. 

Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы өзүнүн ишин 2016 – жылдын февраль айында баштаган. Ошол убакыттан бери 27 млн. 658 миң сомго  331 турак-жайга камсыздандыруу ишин жүргүздү.