Салык кызматы 12 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады
Мамлекеттик салык кызматы төрт айда 12 миллиард сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Ошентип, ушул жылдын январь-апрель айларында 12 миллиард 20,7 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогулткан. Белгиленген план 103,2% га, же 370,7 млн сомго ашыкча аткарылды.
Эске салсак, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 1 миллиард 637,1 миллион сомго көп чогултулган же өсүү темпи 115,8% түзгөн.