Армения менен Кыргызстандан башка ЕӨБнын бардык өлкөлөрү пандемияга чейинки деңгээлге кайтышты

28 ноября 2021, 16:10

Быйылкы жылы Евразия өнүктүрүү банкынын операциялык регионунун ички дүң продукциясынын өсүшү болжол менен 4%ды түзөрү күтүлүүдө. Эл аралык каржы уюмунун аналитиктери жазгандай, жалпысынан аймактагы экономикалык активдүүлүк ушул жылдын орто ченинде пандемияга чейинки деңгээлге кайтты.

2021-жылдын IV кварталынын акырына карата банк региондун ИДПсы кризиске чейинки көлөмдөн болжол менен 1% ашат деп күтүүдө.

“Быйылкы жылы ЕӨБ мүчө-мамлекеттеринин экономикасынын калыбына келиши 2020-жылдагы фискалдык жана акча-кредит саясатынын жумшартуусунун таасири, ошондой эле калктын жана уюмдардын пандемияга ыңгайлашуусу, дүйнөлүк суроо-талаптын кеңейиши жана чөлкөмдүн мамлекеттеринин негизги экспорттук товарларына баалар боюнча болду”, деп айтылды ЕӨБ акыркы макроэкономикалык болжолунда.

Региондогу мамлекеттер арасында банктын ишмердүүлүгүн калыбына келтирүү процесси бирдей эмес экени белгиленген.

“Беларустун, Казакстандын, Россиянын жана Тажикстандын ИДПсы пандемияга чейинки деңгээлден ашат, ал эми Армения менен Кыргызстан аларга жете элек. Армения менен Кыргызстандын экономикасы акыркы жылдагы рецессиядан улам, алардын калыбына келиши үчүн көбүрөөк убакыт керек”, - деп түшүндүрүшөт талдоочулар.

Жалпысынан 2021-жылдын аягында Арменияда ИДПнын өсүшү 4,5%, Белоруссияда – 2,1%, Казакстанда – 3,8%, Кыргызстанда – 3,7%, Россияда – 4,1%, Тажикстанда – 7,9% деңгээлинде болжолдонууда.