ЕАЭБ өлкөлөрү бирдиктүү валютага даяр эмес - Михаил Мясникович

9 января 2023, 11:18

ЕАЭБ өлкөлөрү статистика түзүүдө бирдиктүү валютага даяр эмес. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын башчысы Михаил Мясникович билдирди.

Белгилей кетсек, 27-декабрда ЕАЭБдин статистикасын улуттук валютада түзүү чечими кабыл алынган. Тиешелүү өзгөртүүлөр Биримдиктин расмий статистикалык маалыматын түзүү методикасына киргизилген.

“Эми ЕАЭБдин статистикасын түзүүдө бирдиктүү эсеп бирдиги катары АКШ долларын гана эмес, мүчө-мамлекеттердин улуттук валюталарын да колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деди Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жетекчиси.

Бирок, анын айтымында, бүгүнкү күндө ЕАЭБ өлкөлөрү бирдиктүү валюта тууралуу сүйлөшүүгө даяр эмес.

“Бирок, мен ойлойм, мисалы, санариптик валютаны эсептешүү валютасы жана нарктын өлчөгүчү катары ийгиликтүү колдонсо болот. Албетте, тиешелүү көзөмөл менен”, - деди Михаил Мясникович.