ЕАЭБ өлкөлөрү 2021-2023-жылдарга транспорт саясатын координациялады

21 августа 2021, 09:00

ЕАЭБдин Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында 2021-2023-жылдарга Биримдик өлкөлөрүнүн координацияланган транспорттук саясатын ишке ашыруунун негизги багыттарын жана этаптарын ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюлганын КР өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары, ЕАЭБдин алкагында органикалык айыл чарба продукцияларынын жалпы рыногун түзүү боюнча жол картасына кол коюлду.

Жолугушууга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов жана Куба Республикасынын премьер-министри Мануэль Марреро Круз (видеоконференция аркылуу) байкоочу катары катышты.

Эске салсак, ушул күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны аяктады.